22–23-апрель күндөрү Абай Мырзахметов атындагы Көкшетау университетинин окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин студенттерине илим жумалыгынын алкагында конок лекцияларды өтүштү.
Эл аралык билим берүү программаларынын Европа жана Америка интеграциясы, Орусия жана Евразия интеграциясы бөлүмдөрүнүн студенттерине тарых илимдери боюнча PhD доктору Юрий Славецкий “XVIII–XIX кылымдардагы Борбор Азиядагы эл аралык мамилелердин тарыхы” деген темада лекция окуду. Доцент Клара Кудайбергенова «Кыска жана узак мөөнөттөгү рыноктук тең салмактын макроэкономикалык моделдери. AD–AS модели» тууралуу айтып берди.
Ал эми доцент Мейрамхан Баимбетов Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун «Менеджмент» жана «Бизнести башкаруу» билим берүү программаларынын студенттерине «Жашоо деңгээлин жана сапатын өлчөө: заманбап экономикада адам капиталынын ролу» деген темада баяндама жасады.
Онлайн лекцияларга тиешелүү программалардын окутуучулары да катышты. Конок лекциялар студенттер үчүн да, окутуучулар үчүн да пайдалуу болуп, эки университеттин мындан аркы кызматташуусуна жол ачты. Иш-чараны Ош мамлекеттик университетинин рейтинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, PhD Айнура Кулназарова уюштурду.