ОшМУ төртүнчү муундагы университетке трансформациялануу жолундагы тажрыйбасы менен бөлүшөт

Башкы Окуялар

ОшМУ төртүнчү муундагы университетке трансформациялануу жолундагы тажрыйбасы менен бөлүшөт

Image

Кыргызстандагы Erasmus+ улуттук программалык кеңсеси 2025-жылдын 10-июнунда өтө турган онлайн-семинарга катышууга чакырат.

Иш-чаранын спикери — Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков.

Семинардын темасы:

«Ош мамлекеттик университетинин төртүнчү муундагы университетке өтүү жолундагы тажрыйбасы».

Семинарда ректору Кудайберди Кожобеков университеттин санариптик трансформация жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграция жаатындагы жетишкендиктерин сунуштайт.

ОшМУ Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында инфраструктураны модернизациялоо жана төртүнчү муундагы университет моделин түзүү боюнча алдыңкы орунда турат.

Өткөрүү күнү: 2025-жылдын 10-июну

Убактысы: 11:00 (Бишкек убактысы боюнча)

Формат: Онлайн (Zoom платформасында)

Кошулуу үчүн шилтеме:

https://us06web.zoom.us/j/89289460045...

Конференция ID: 892 8946 0045

Кирүү коду: 261788

Семинарга жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана жогорку билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсүнө кызыккандар чакырылат.