GEM-SILKWAY- 2024 ЖАЙКЫ МЕКТЕБИ КЫРГЫЗСТАНДА

Башкы Окуялар

GEM-SILKWAY- 2024 ЖАЙКЫ МЕКТЕБИ КЫРГЫЗСТАНДА

Image

2024-жылдын 24-28-июнь күндөрү болуучу GEM-SILKWAY- 2024 жайкы мектеби Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети,   ОшМУ жана Бикокка Милан университеттеринин өнөктөштүгөндө арыздарды кабыл алууну баштады.

GEM-SILKWAY – дүйнө жүзү боюнча 17ден ашык өнөктөштөрдү камтыган эл аралык долбоор болуп саналат. GEM-SILKWAY CENTRAL ASIA долбоорунун өзгөчөлүгү - бул алардын туруктуулук жана адамдык өнүгүү сыяктуу түшүнүктөрдүн маанисин изилдөөгө арналгандыгында.

Катышуучулар бир жума аралыгында энергетика, экология, жашыл энергетиканы өнүктүрүү ж.б темаларды талкуулашат.

❗Ким катыша алат?

Магистратура жана докторантурада билим алып жаткандар жана бүтүрүүчүлөр, изилдөөчүлөр жана ушул тармактар боюнча адистер.

❗Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 30-апрель, 2024-жыл.

❗Программанын баасы: 300 евро (бардык сабактар жана курстар, жатакана, тамактануу жана кофе-брейктер кирет).

❗Өтүүчү жери: ОшМУнун "Үмүт" эс алуу жайы, Туп району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан. 


❗Талаптар: англис тилин билүү, резюме жана мотивациялык кат.

Өтүнмөңүздү тапшыруу үчүн шилтемени басыңыз:

https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSddMHesnMfxF5f_efTbSDI1zgddag_kP5coL5aMsCHeyU_Q2A/viewform