Студенттер аралык “ОшМУ – биздин ырларда” аттуу поэзия сынагы жарыяланат!

Башкы Окуялар

Студенттер аралык “ОшМУ – биздин ырларда” аттуу поэзия сынагы жарыяланат!

Image

Сынак ОшМУнун “Нур” гезити тарабынан ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата өткөрүлүп жатат.

  • I ОРУН 7000 СОМ 
  • II ОРУН 5000 СОМ 
  • III ОРУН 3000 СОМ 
  • IV ОРУН 1000 СОМ

Сынак ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин демөөрчүлүгү менен уюштурулат. Таймаштын максаты — студенттердин чыгармачылыкка болгон табитин калыптандыруу жана ОшМУнун тарыхын, жетишкендиктерин даңазалоо. 

Катышуу үчүн шарттар: 

1. Катышуучу ОшМУнун тарыхын, жетишкендиктерин даңазалаган ыр жазып, уюштуруучунун дарегине жөнөтөт;

2. Келген материалдар “nur_geziti”  инстанграм баракчасына жарыяланат;

3. Материалда өзүнүн толук аты-жөнүн, окуган жерин, калтырууга тийиш;

4. Ырдын көлөмү 4 куплеттен 6 куплетке чейин болушу керек.

Жыйынтык калыстар тобунун чечими аркылуу аныкталат. Калыстар тобунун курамын редакциялык кеңеш бекитет. Материалдарды кабыл алуу 2024-жылдын 30-апрелине чейин жүргүзүлөт. Талаптар аткарылбаган учурда катышуучу сынактан четтетилет.  

Эскертүү!!!  Сынакка ОшМУнун студенттери гана катыша алат.