ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата салтанаттуу гала концерт өтөт

Башкы Окуялар

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата салтанаттуу гала концерт өтөт

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси 2024-жылдын  31-майда  Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо салтанаттуу белгиленет.

Мааракеге карата  “ОшМУ сүрөтчөлөрдүн көзү менен”, “Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурстары, казак-кыргыз айтышы, журналисттердин, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын форумдары, республикалык стартап конкурстар, эл аралык конференциялар, ойлоп табуучулардын сынактары, спорттук мелдештер өтөт. Андан сырткары ОшМУнун 85 жылдык тарыхын чагылдырган даректүү тасма тартылат.

85 жылдык мааракесин  белгилеп жаткан ОшМУнун башаты 1939-жылда ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат.  1951-жылы Ош мугалимдер институту-Ош педагогикалык институту болуп өзгөртүлүп, 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөн.