ОшМУнун медициналык борбору

Университет Структуралар Медициналык борбор

ОшМУнун медициналык борбору

Медицина факультетинин студенттеринин окуу процессине керектүү имараттар шаардын ар кайсы аймактарында жайгашкандыктан кыйынчылык жаратып келген.Бул болсо, өз кезегинде медициналык факультеттин клиникалык базасынын болушун шарттады. Буга байланыштуу мурунку ректор Каныбек  Исаковдун демилгеси менен  Ак-Буура кампусуна медициналык клиниканы куруу иши иштери башталды. Акыры ОшМУнун медициналык клиникасы ректор Исаков Каныбек Абдиваситовичтин демилгеси менен курулуп 2014-жылдын 24-ноябрында ачылды.

Клиника  2021-жылы  борбор болуп кайрадан түзүлүп, алгач амбулатордук-диагностикалык жана терапия  бөлүмдөрү иштеп баштаган. 

Ош мамлекеттик университетинин медициналык борбору — Ош мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмү жана клиникалык базасы болуп саналат. Ал дарылоо, диагностикалоо жана билим берүү ишмердүүлүгүн айкалыштырып, Кыргызстандын түштүк аймагындагы калкка медициналык жардам көрсөтүүдө жана келечектеги медициналык кадрларды даярдоодо маанилүү ролду аткарат.

Клиниканын андан аркы өнүгүүсү этап-этабы менен жүргүзүлгөн:

2022-жыл — стоматология бөлүмү жана реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмү ачылган;

2023-жыл — толук кандуу операциялык блогу бар хирургия бөлүмү ишке киргизилген;

2024-жыл — кардиохирургия бөлүмү ачылган;

2025-жыл — интенсивдүү терапия блогу менен рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмү түзүлгөн, трансплантология багыты өнүктүрүлүп, реабилитациялык-ден соолукту чыңдоо бөлүмү ачылган.

Медициналык жардам жана ишмердүүлүк көрсөткүчтөрү

Жыл сайын клиникада бейтаптардын саны жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын көлөмү туруктуу өсүүдө. Орточо эсеп менен:

жылына 2000ге жакын бейтап стационардык дарыланып,  200дөн ашуун хирургиялык операциялар жүргүзүлөт. Ошондой эле 10 000ден ашык адам жыл сайын профилактикалык медициналык кароодон өтөт.

Диагностикалык жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрү

Медициналык борбор заманбап диагностикалык жана дарылоо жабдуулары менен камсыздалган, бул бейтаптарды комплекстүү текшерүүдөн өткөрүүгө жана дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Клиникада төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:

ультраүндүк диагностика (УЗИ);

эхокардиография;

холтердик мониторинг;

эзофагогастродуоденоскопия (ЭГДС);

колоноскопия;

флюорография;

кольпоскопия;

рентгенологиялык изилдөөлөр;

ангиография;

тредмил-тест;

клиникалык-диагностикалык лаборатория.

ОшМУнун медициналык борборунда төмөнкү багыттар боюнча жогорку квалификациялуу, көп тармактуу адистер тобу иштейт. Алар: терапевт, кардиолог, гинеколог, невропатолог, хирург, офтальмолог, гастроэнтеролог, оториноларинголог, эндокринолог, уролог, дерматовенеролог, радиолог, трансплантолог, реаниматолог, пластикалык хирург.

Фото галерея