Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү

Университет Структуралар Бөлүмдөр Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү

Адрес Ош шаары, Ленин көчөсү 331
Телефон
Факс
Веб-сайт
E-mail qualityeducation@oshsu.kg

1.1. Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү (мындан ары – ОСжМКБ) Ош мамлекеттик университетинин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

1.2. ОСжМКБ  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, университеттин Уставына, стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ISO) сунуштарына, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери жана сапат боюнча жетектеме, ректордун буйруктары жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле ушул Жобого ылайык иш алып барат.

1.3. Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамы, 2023-жылы,  11-август, №179; “Жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жөнүндөгү жобо”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы №53 токтому; 2023-2026-жылдарга «ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН МОДЕЛИ» стратегиялык өнүктүрүү программасы жана Билим берүү уюмдары – билим берүү уюмдарын башкаруу системалары. Колдонуу боюнча талаптар жана көрсөтмөлөр. Эл аралык стандарт ISO 21001 ж.б. документтерди жетекчиликке алат.

1.4. Бөлүм ОшМУнун окуу иштери боюнча проректоруна баш иет.  

1.5. ОСжМКБнын  башчысы кызмат ордуна ОшМУнун ректорунун буйругу менен университетте 10 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, илимий даражалуу (илимдин кандидаты же PhD) адистер дайындалат.

1.6. Университеттин ОСжМКБнын башчысы жок болгон учурда анын милдеттерин ректор тарабынан дайындалган, функционалдык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн тийиштүү укуктар, милдеттер жана жоопкерчиликтер берилген бөлүмдүн  кызматкери аткарат.

1.7. ОСжМК бөлүмүн кайра уюштуруу же жоюу ОшМУнун  Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ректордун буйругу менен ишке ашырылат.

2.  БӨЛҮМДҮН МАКСАТЫ

2.1. ОСжМК бөлүмүнүн  иштөөсүнүн негизги максаты – университеттин масштабында билим берүүнүн сапатын камсыздоо, башкаруу боюнча ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердигин уюштуруу, билим берүү процессин координациялоо жана сапат саясатын  ОшМУнун миссиясына, стратегиялык максаттарына ылайык ишке ашыруу.

3. БӨЛҮМДҮН МИЛДЕТТЕРИ

ОСжМК бөлүмүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

3.1. Университеттин сапат системасын камсыздоону уюштуруу жана башкаруу структурасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

3.2. Университеттин структураларында жана бөлүмдөрүндө сапат саясатын ишке ашыруу жана координациялоо.

3.3. Университеттин окуу-методикалык кеңешинин ишин координациялоо.

3.4. Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө билим берүүнүн сапатынын индикаторлоруна жана процесстерине (ПО курамынын ишмердүүлүгү, НББПлардын сапаты, студенттердин билим сапаты ж.б.) мониторинг жүргүзүү, аларды талдоо жана сапатын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

 3.5. Кадрларды даярдоонун сапатын камсыз кылуу жаатында университеттин кафедраларынын жана окутуучулардын окуу-методикалык иштерине ички баалоо жүргүзүү.

3.6. Университеттин билим берүү жана башка иш-чараларынын сапатын уюштуруу боюнча социалдык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү.

3.7. Сапатты башкаруу чөйрөсүндө ОшМУнун ишин жөнгө салуучу локалдык ченемдик документтерди иштеп чыгуу.

3.8. Сапатты башкаруу боюнча эл аралык билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын жана сунуштарын изилдөө жана практикада колдонуу.

3.9. Университеттин сапатты камсыздоонун ички системасынын эффективдүү иштешин камсыз кылуу.

3.10. Университеттин ПО курамынын жана студенттеринин канааттануусун баалоо жана натыйжаларды талдоо;

3.11. Студенттердин билим деңгээлине диагностикалык жана жыйынтык мониторинг жүргүзүү;

3.12. Окутуучулардын сабактарына катышуу, анализдөө жана окуу-методикалык документтердин сапатына баа берүү, алардын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

3.13. Университеттин ички кадрлар резервине кабыл алынып жаткан талапкерлердин окутуучулук жөндөмүнө сабактарына катышуу аркылуу практика жүзүндө баа берүү.
 

4. БӨЛҮМДҮН ФУНКЦИЯЛАРЫ

Бөлүмдүн функцияларынын тизмеси анын милдеттеринен келип чыгат жана төмөндөгүдөй ишке ашырылат:

4.1. Билим сапаты жаатында ОшМУнун саясатын ишке ашыруу.

4.2. Билим берүү жана илим министрлигинин, ОшМУнун окуу процессин башкаруу жана сапатын контролдоо жаатындагы буйруктарын, көрсөтмөлөрүн жана каттарын аткаруу боюнча иш-чараларга катышуу;

4.3. ОшМУнун билим берүү сапатын башкаруу системасынын ченемдик документтерин иштеп чыгуу жана билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү технологияларын өркүндөтүү боюнча иштерди уюштуруу;

4.4. Университеттин окуу-методикалык кеңешинин ишин координациялоо.

4.5. Университеттин сапат системасын колдоо үчүн башка түзүмдөр менен бирге кызматкерлерди окутуу жана мотивациялоо.

4.6. Билим берүүнүн сапатына ЖОЖ ичинде аудит жүргүзүү үчүн керектүү эксперттерди тандоо.

4.7. Сапат системасынын иштеши үчүн зарыл болгон процесстерди жана процедураларды аныктоо, алардын ырааттуулугун жана өз ара аракеттенүүсүн талдоо.

4.8. Окутуунун сапатын баалоонун критерийлерин жана методдорун иштеп чыгуу.

4.9. Университеттин ишинин сапатын жогорулатуу маселелери боюнча студенттерден, окутуучулардан жана университеттин кызматкерлеринен сурамжылоо жүргүзүү.

4.10. Студенттердин калдык билимдерине мониторинг жүргүзүү.

4.11. Сапат тутумунун адистештирилген документтерин иштеп чыгууда структураларга методикалык колдоо көрсөтүү.

4.12. Сапатты камсыздоо жаатындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн мониторинги боюнча статистикалык отчетторду, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды даярдоо.

4.13. Окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган билим берүү мекемелери жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү.

4.14. ЖОЖдогу окуу процессинин сапатын контролдоо системасынын абалы жана жакшыртуу багыттары боюнча оперативдүү-аналитикалык материалдарды, маалыматтарды даярдоо;

4.15. Отчеттук жана башка маалыматтарды чогултуу, талдоо жана SWOT анализ жасоо.

4.16. Видеосабактарды байкоо, анализдөө, баалоо, жыйынтык чыгаруу.

5. ТҮЗҮМ ЖАНА КАДР

5.1. Бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны, ошондой эле аларга өзгөртүүлөр ректордун буйругу менен бекитилет.

5.2. Бөлүмдүн курамына төмөнкүлөр кирет: бөлүм башчы, жетектөөчү адис, методист-координатор, адис.

5.3. Бөлүмдүн башчысына жана кызматкерлерине карата укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери жана талаптары тиешелүү кызматтык нускамалар менен белгиленет.

6. УКУКТАРЫ

Бөлүм өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

6.1. Университеттин структураларынан, бөлүмдөрүнөн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого жана алууга;

6.2. ОшМУнун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон сыноолорду, экспертизаларды, талдоолорду жана баалоону уюштурууга жана жүргүзүүгө;

6.3. Бөлүмдүн ишине тиешелүү маселелер боюнча ар кандай жыйындарды чакыруу жана катышууга;

6.4. Ишеним каттын негизинде сапатты башкаруу маселелери боюнча тышкы уюмдарда университеттин атынан чыгууга;

6.5. Бөлүмдүн ишинин алкагында иш тажрыйбасын алмашуу үчүн кеңешмелерге, конференцияларга жана семинарларга катышууга;

6.6. Тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилиги менен макулдашуу боюнча алардын кызматкерлерин ишке тартууга;

6.7. Бөлүмдүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык квалификациясын жогорулатууга;

6.8. Университеттин Уставында каралган башка укуктарга;

6.9. Эмгек тартиби бузулган учурлар аныкталганда, КРнын Эмгек кодексине ылайык чараларды көрүү боюнча жетекчиликке сунуштарды берүүгө. .

7. БАЙЛАНЫШТАРЫ

7.1. Бөлүм ОшМУнун башка түзүмдүк бөлүмдөр менен тыгыз иш алып барат.

7.2. Бөлүм университеттин академиялык иштер башкармалыгы менен өз ара аракеттенет.

7.3. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууда, бекитилген иш планына ылайык бүтүрүүчү жана башка кафедралар, факультеттердин декандары, университеттин китепканасы жана башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенет.

7.4. Бөлүм сапат системасынын иштеши жана өнүгүшү боюнча тышкы уюмдар менен байланыштарды түзөт жана жүргүзөт.

8. ЖООПКЕРЧИЛИГИ

Бөлүм төмөнкүлөргө жооптуу:

8.1 Бөлүмдүн ишинде каралган усулдук жана башка документтерди даярдоого;

8.2 Билим берүү кызматтарынын сапаттуу технологияларын уюштурууга жана контролдоого;

8.3 Бөлүмдүн ишмердүүлүгү боюнча берилген маалыматтардын аныктыгына;

8.4. Ректорго, окуу иштер боюнча проректорго отчеттук документтерди системалуу түрдө берүүгө;

8.5. Бөлүмдүн башчысы ушул Жобо менен бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышына жана натыйжалуу иштешине;

8.6. Ар бир кызматкер өзүнө берилген ыйгарым укуктарга ылайык аткарылган иштин сапатына.

9. ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

9.1. Бөлүмдүн иши багыттарды эске алуу менен календардык жылга түзүлгөн планга ылайык жүргүзүлөт.

9.2. Бөлүмдүн иш тартиби университеттин Уставы жана локалдык ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

9.3. Бөлүмдүн кызматкерлеринин кызматтык маянасы университеттин штаттык расписание жана эмгек акы төлөө жобосуна ылайык ректор тарабынан белгиленет.

9.4. Бөлүмдүн иш пландары бөлүм башчысы бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте түзүлөт, университеттин проректорлору менен макулдашылат жана ректор тарабынан бекитилет.

9.5. Бөлүмдүн  ишмердүүлүгүнө баа ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин окуу ишинин сапатын башкаруу маселелерине арналган отурумунда жүргүзүлөт.

 

10. БӨЛҮМДҮН ЖОБОСУНА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ТАРТИБИ

10.1. Бул Жобого өзгөртүүлөр ректордун буйругуна ылайык бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди, функцияларды же иштин көлөмүн өзгөртүү үчүн киргизилет.

10.2. Бөлүмдүн жоболору каралып, зарылчылыкка жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

 

Бөлүмдүн кызматкерлери:

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы:

Былыкова Махабат Максатовна

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

Адрес:  Ленин кѳч. 331, кабинет 221.

Телефон: 0558242322

E-mail: mbylykova@oshsu.kg

 

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси:

Розыкова Мавлюда Баратовна

Филология илимдеринин кандидаты

Адрес:  Ленин кѳч. 331, кабинет 221.

Телефон: 0550772563

E-mail: mrazykova@oshsu.kg

 

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн методист-координатору:

Нурмаматова Мейликан Тагайбековна

Адрес:  Ленин кѳч. 331, кабинет 221.

Телефон: 0772077000

E-mail: mnurmamatova@oshsu.kg

 

Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн адиси:

Камалова Айнура Ырысбаевна

Адрес:  Ленин кѳч. 331, кабинет 221.

Телефон: 0550435735

E-mail: akamalova@oshsu.kg