Коопсуздук кызмат бөлүмү

Университет Структуралар Бөлүмдөр Коопсуздук кызмат бөлүмү

Коопсуздук кызмат бөлүмү

Университеттин коопсуздугу – ОшМУнун студенттеринин жана кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билим берүү мейкиндигинде окуу, эмгек жана эс алуу процессинде ар кандай коркунучтардан (коркутуулардан) коргоонун абалы; университеттин менчигинин кол тийбестиги.

Кылмыштуулук (рэкет, алдамчылык, уурулук, тоноо, зордук-зомбулук, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү ж.б.) менен байланышкан социалдык мүнөздөгү кооптуу, экстремалдык жана өзгөчө кырдаалдар жана азыркы замандын эң коркунучтуу көрүнүшү – терроризм бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйүнө айланды. Ошондуктан, бул коркунучтарды  талдоо жана анын негизинде билим берүү мекемелеринин ишенимдүү коопсуздук системасын камсыз кылуу боюнча кылдат ойлонулган иш-чараларды пландаштыруу учурдун актуалдуу талабы болуп саналат.

Интегралдык коопсуздук тутумунун концепциясы университеттин реалдуу жана болжолдонгон коркунучтардан коргонуу даражасын камтыйт, бул анын коопсуз күнүмдүк ишин камсыз кылат. Билим берүү мекемесинин коопсуздугун камсыздоо иши анын жетекчилигинин негизги милдети болуп саналат. Коопсуздук системасынын бардык элементтеринин ырааттуулугу гана анын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн кепилдейт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде университетибиздин өнүгүүсү менен катар учурда ОшМУнун бирдиктүү коопсуздук системасы түзүлүп, ага төмөнкүлөр кирет:

ОшМУнун объекттерин антитеррордук коргоо, профессордук-окутуучулар жана студенттер жамаатынын арасында экстремизм жана терроризмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу жана болтурбоо;

- ОшМУнун административдик имараттарында, окуу корпустарында, жатаканаларында, медициналык-социалдык мекемелеринде жана башкаларда коопсуздукту жана кирүү көзөмөлүн камсыз кылуу;

- университеттин коммерциялык сырын сактоо жана сырды сактоону көзөмөлдөө;

- коопсуздук маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү;

- маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;

ОшМУнун экономикалык жана каржылык камсыздоосу;

- педагогикалык жамааттын арасында коррупцияга алып келиши мүмкүн болгон шарттарды аныктоо жана жоюу;

- студенттер арасында укук бузуулардын алдын алуу жана аларды кылмыштуу элементтердин таасиринен коргоо.

Бул милдетти ишке ашыруу үчүн 2022-жылы ОшМУда Коопсуздук кызматы түзүлүп, иштеп баштады.

Коопсуздук системасын өнүктүрүүнүн кийинки этабы Коопсуздук кызматынын түзүмүн уюштуруу болуп саналат, ал төмөнкүлөрдөн турат:

- күзөт жана кирүүнү контролдоо топтору (административдик, окуу имараттарынын, социалдык объектилердин (жатаканалардын, клиникалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын ж.б.) коопсуздук сектору).

- техникалык колдоо топтору (коргоонун техникалык каражаттары, видеоконтролдоо, АБС системасы, турникеттер).

- режимдик-жашыруун колдоо топтору (университеттин коммерциялык сырын коргоо).

- Талдоо жана ички аудит бөлүмү (ички инспекция).

Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн курмы:

Аты-жөнү

Кызматы:

Байланыш номерлери

Электрондук дареги

1

Арзиев Нурлаким Маматкулович

Бөлүм башчы

0555 88 50 64

0770 01 09 04

Nurbadil67@gmail.com

2

Калбаев Уланбек Кочкорбаевич

Инспектор

0773 61 16 36

0555 61 16 36

ulanbek809@gmail.com

ОшМУнун Коопсуздук кызматы жөнүндө ЖОБО