
Туулган жылы,айы,күнү: 1977-жыл, 18-сентябрь
БИЛИМИ:Жогорку
- ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин кыргыз тили жана адабияты адистигин 1998-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.
АДИСТИГИ: кыргыз тили жана адабияты мугалими
ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:
- Филология илимдеринин кандидаты, доцент
- Бир нече илимий макалалардын, окуу-методикалык колдонмолордун жана окуу куралынын автору.
ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
- 1998-жылдан бери Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент;
- 2003-жылдан бери билим берүүгө арналган бир нече проекттерде тренер;
- 2013-жылдын март айынан 2017-жылга чейин ОшМУнун журналистика бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-жылдан 2023-жылга чейин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары ;
- 2023-жылдын сентябрь айынан ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору
СЫЙЛЫКТАРЫ:
- ОшМУнун эң мыкты окутуучусу – 2006” конкурсунун жеңүүчүсү, 1даражадагы диплом(2006);
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун Ардак грамотасы(2011);
- “ОшМУнун эң мыкты лектору - 2013” конкурсунун жеңүүчүсү (2013);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы (2014);
- Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун Талант Моңолбаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Диплом (2015);
- “Кыргыз тили” коомунун төш белгиси (2018);
- Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы – 2019.