
Туулган жылы,айы,күнү: 26.11.1978 ж.
БИЛИМИ: жогорку
- 1996-2001-жылдары Ош МУнун физика-математика жана информатика факультетинин математика жана информатика адистигин бүтүргөн;
- 1998-2000-жылдары ОшТУ (Ош технологиялык университетинин) жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетин бүтүргөн – запастагы офицер
- 2005-2008-жылдары РФнын Томск мамлекеттик университетинин механика-математика факультети, эсептөө математикасы адистиги боюнча – аспирант
ИЛИМИЙ ЭМГЕКТЕРИ:
- 2008-жылдын 25-декабрында 05.13.01 – тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча -"Мезгилдүү катарлардын рекурренттик моделдерин 2-жана 3-тартиптердин В-сплайндын негизинде оптималдаштыруу".(«Оптимизация рекуррентных моделей временных рядов на основе В-сплайнов 2-го и 3-го порядков») деген аталыштагы темада Томск мамлекеттик университетинин кандидаттык жана докторлук диссертациялык кеңешинде физика-математика илимдеринин кандидаты даражасын ийгиликтүү коргогон;
- 2014-жылдын 13-октябрында РФнын Билим берүү жана илим Министрилигинин №562/нк-2 буйругу менен 05.13.01 – тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча “доцент” илимий наамын алган.
- Физика-математика илимдеринин кандидаты, 05.13.01 – Тутумдук анализ, маалыматтарды башкаруу жана иштеп чыгуу адистиги боюнча доцент
- Учурда 110 дон ашуун окуу-усулдук, илимий малалардын автору. Анын ичинен сегизи (11) окуу-усулдук колдонмо, 99 макала, тезис жана 1 монография. Мындан сырткары 1 автордук күбөлүктүн ээси.
ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
- 2001-2005-жылдары Ош МУнун физика-математика жана информатика факультетинин жалпы информатика кафедрасынын окутуучусу;
- 2007-2008-жылдары РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде окуу мастери;
- 2008-2009-жылдары РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде колдонмо математика кафедрасынын ага окутуучусу;
- 2010-2021-жылдары РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинде колдонмо математика кафедрасынын доценти;
- 2021-2022-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун ФМББжМТнин колдонмо информатика кафедрасынын доценти;
- 2022-2023-жылдары К. Карасаев атындагы БМУнин СӨБнун директору;
- 2023-2024-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун МТБнын башчысы;
- 01.09.2024-30.11.2024 ж.ж., Ж. Баласагын атындагы КУУнун “Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун”, “маалымат копсуздугу” билим берүү программасынын доценти;
- 2024-2026-жылдары Ош МУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору
СЫЙЛЫКТАРЫ:
- Эшаров Элзарбек Асановичтин чыгармачылык ишмердүүлүгү жана ак ниет эмгеги РФнын Томск шаарындагы Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинин ректораты тарабынан жогору бааланып – 60 жылдык мааракесине карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн (2012-ж.) – Ардак грамота.
- Эшаров Э.А. коомдук иштерге активдүү катышып, Россия Федерациясынын Томск шаарындагы Кыргыз Республикасынын диаспорасынын жаштар канатын жетектеген жана Россия Федерациясынын Томск облусундагы жана Томск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун (2018-ж.). – Ардак грамота.
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги – көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн. (2024) – Ардак грамота.