ОшМУнун 2 кызматкери «Аудит» курсун окушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун 2 кызматкери «Аудит» курсун окушту

Image

“Кыргызстандын профессионалдык бухгалтерлер жана аудиторлор институту” коомдук бирикмеси  23-апрелден 25-июнга 60 академиялык сааттан турган “Аудит” курсун уюштурду.

Үч айга созулган онлайн курска өлкө аймагындагы мекеме-ишканалардан 14 угуучу катышып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту. Окуу курсуна ОшМУнун Пландоо-финансылык бөлүмүнүн статисти Айчүрөк Асилбекова жана Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору Гулнура Бекташова катышты. “Курс учурунда аудиттин стандарттары боюнча материалдарга ээ болдук. Андан сырткары документтерди алып баруу,  текшерүүлөрдү жүргүзүү, бухгалтерияга тиешелүү документтерди анализдөө боюнча билимдерге ээ болдук”, -деди  Гулнура Бекташова. Мындай окуу курстары ар бир кызматкерлерге зарыл экендигин кошумчалады.

ОшМУнун кызматкерлеринин курска катышуудагы материалдык чыгымдарын окуу жай каржылады.