Профессордук-окутуучулук курамды жана кызматкерлерди сыйлоо боюнча Окумуштуулар кеңешинин чечими чыкты

Башкы Жаңылыктар

Профессордук-окутуучулук курамды жана кызматкерлерди сыйлоо боюнча Окумуштуулар кеңешинин чечими чыкты

Image

2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча билим берүү, тарбиялоо, коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектери үчүн Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана кызматкерлерин сыйлоо боюнча окуу жайдын буйругу кабыл алынды.

ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы №9 жыйынында бугай чейин атайын сыйлык берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими  жобого ылайык каралып бекитилди. Буйрукка ылайык:

  • КРдин Президентинин Ардак грамотасына;
  • КРдин  Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына:
  • “КРдин Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери” наамына;
  • “КРдин Илимге эмгек сиңирген ишмер” наамына;
  • “КРдин Билим берүүнүн отличниги” төш белгисине;
  • КРдин Билим берүү жана илим  министрлигинин Ардак грамотасына;
  • “КРдин Маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамына;
  • “КРдин Эмгек сиңирген артисти” наамына;
  • КРдин Экономика жана  коммерция министрлигинин Ардак грамотасына;
  • КРдин Санариптештирүү министрлигинин Ардак грамотасына;
  • “КРдин Эмгек сиңирген экономисти” наамына;
  • КРдин Саламатыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасына;
  • КРдин Өкмөтүнүн  Ардак грамотасына;
  • КРдин  Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасына;
  • Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасына;
  • Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасына;
  • “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” төш белгисине;
  • ОшМУнун Ардак грамотасына;
  • ОшМУнун Акчалай сыйлыгына;
  • ОшМУнун алкышына ОшМУнун бардык стуруктураларынан келген сунуштар эске алынып даярдалды.

“Сыйлык берүү чечими кабыл алынган профессордук-окутуучулук курам 2022-2023-окуу жылындагы мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулуучу салтанатында сыйлыктарга ээ болушат”,-деди ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы  Гулсара Турдубаева.