“Ден соолук” спартакиадасы: ОшМУ I орун

Башкы Жаңылыктар

“Ден соолук” спартакиадасы: ОшМУ I орун

Image

Ысык-Көл жээгиндеги «Кыргыз денизи» санаториясынын спорттук базасында 21-27-июнь күндөрү өткөн Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасынын окуу  мекемелеринин кызматкерлеринин “Ден соолук” спартакиадасы жыйынтыкталды. 

ОшМУнун командалары жалпы эсеп боюнча I орунду багындырды. 40 жашка чейинки эркектер ортосундагы  волейбол мелдешинде 1-орун, волейбол кыздар командасы 1-орун, стритбол 1-орун, шахмат эркектер арасында 1-орун, шахмат кыздар арасында 1-орун, теннис кыздар арасында  1-орун, ордо 1-орунду ээлешти.

Ал эми 40 жаштан жогорку командалар арасында волейбол 3-орун, футбол 3-орун, тогуз коргоол эркектер арасында 2-орун, теннис эркектер арасында 3-орунду камсыздашты.

ОшМУдан барган жалпы 14 команданын ичинен 11 команда байгелүү орундарга ээ болду.

Иш-чаранын жабылуу салтанатында  ОшМУнун ректору К. Кожобеков КРнын Улуттук Олимпиадалык комитеттин Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Спортчуларды ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Ж. Артыкова жана ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А. Саттаров жетектеп барышкан.

“Ден соолук” спартакиадасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети биргеликте уюштурган.

 

Аталган иш-чараны жеринен ОшМУнун маалымат бөлүмүнүн фотографы  Р.Максытов чагылдырып турду.

Фото галерея