ОшМУнун окуу-өндүрүштүк комплекси ишке кирет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окуу-өндүрүштүк комплекси ишке кирет

Image

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү”  программасына алкагында ОшМУнун  №2 жатканасы гранддык негиздеги "Алдыңкы тажрыйба борбору" долбоору аркылуу толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Учурда жүрүп жаткан иштер менен окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жеринен кабар алды.

Толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жатакананын 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алды. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер үчүн конок бөлмөлөр болот. Ал эми калган бөлүгүндө студенттер үчүн жатакана орун алат.

Колледж бир эле мезгилде окуу-өндүрүш комплексине айланып, студенттер окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштырат. Окуу-өндүрүштүк комплексинен даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат.

2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген.

Фото галерея