Жапон тили жана маданияты борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

Жапон тили жана маданияты борбору ачылды

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “Аймак таануу” адистигинде билим алган студенттерге  кошумча  жапон тили  окутулат. Буга байланыштуу билим алуучулардын жапон тилин жакшы өздөштүрүп, жапон элинин маданиятын жайылтуу максатында атайын борбор ачылды.
Жапон борбору Кыргыз-Жапон фондунун каржылоосунда ачылып, ага ректор Кудайберди Кожобеков, профессордук-окутуучулук курам, Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси Окова Сан мырза катышты.
Буга чейин Кыргыз-Жапон фонду эки элдин достук мамилесин чыңдоо жана жаратылышты коргоо ниетинде Папан жергесинде акация дарагын отургузушкан. Ошондой эле, аталган фонд ОшМУнун студенттерине Жапонияда акысыз билим алууга көмөктөшөт. 
Жопон борборунун ачылуу аземинде студенттер жапон тилинде чакан концерттик программа тартуулашты.

Фото галерея