Йога күнүнө арналган иш-чарага ОшМУнун окутуучулары жана студенттери активдүү катышты

Башкы Жаңылыктар

Йога күнүнө арналган иш-чарага ОшМУнун окутуучулары жана студенттери активдүү катышты

Image

21-июнда Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы   стадиондо сегизинчи эл аралык йога  күнүнө арналган  иш-чара өттү.  Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Индиянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар, ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, окутуучулар,  студенттер, активдүү жарандар, жаштар катышты.

Иш-чаранын алкагында “Yoga Mama”  йога борборунун өкүлдөрү катышуучуларга йога көнүгүүлөрүн жасатышты. Шаардык маданият бөлүмүнүн бий топторунун жана ОшМУда билим алып жаткан Индиялык студенттердин концерттик программасы тартууланды.

Жалпысынан иш-чарага  1000ден ашуун шаар тургундары жана студенттер катышты.

 

 

Маалыматтын фотолору Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.

Фото галерея