ОшМУда Китепканалар күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Китепканалар күнү белгиленди

Image

ОшМУда Кыргызстандагы китепкананын түзүлгөндүгүнүн 120 жылдыгы  жана 27-май Китепканалар күнүнө арналган  “Улуу муун менен кичүү муундун жолугушуу жайы- китепкана”  аттуу иш-чара өттү.

Ага  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, Ош шаардындагы китепканалардан, жогорку окуу жайлардын китепканалыранан  коноктор, профессордук–окутуучулук курам, студенттер катышышты. Жыйынды ОшМУнун сырттан окуу боюнча проректору Тасилкан Жумабава ачып, Кыргызстандагы китепкананын түзүлгөн күнү, 27-май-Китепканалар күнү менен жалпы майрам ээлерин куттуктады.

 ОшМУнун илимий китепканасынын директору Азима Эсекеева Кыргызстандагы китепкананын түзүлгөндүгүнүн 120 жылдык тарыхы, окуу жайдын илимий китепканасында учурда ишке ашып жаткан жаңы идеялар, демилгелер боюнча баяндама жасады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында ОшМУнун илмий китепканасында үзүрлүү эмгектенген улук китепканачы, китепканачыларга  Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында 2022-Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата окуу жайдын табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин китеп көргөзмөсү коюлду.  Ккитепкана кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.

Учурда ОшМУнун илимий китепканасында миллиондон ашуун китеп фонду бар. Илимий китепканада 5 бөлүм, 14 китепкана, 13 окуу зал, 2 кафедралык кабинеттер иштеп жатат.   2013-жылдын ноябрь айынан баштап  “ИРБИС 64” система 5 автоматташтырылган жумуш орду менен алынып азыркы учурда бардык китепканаларда 27 750 окурман электрондук кабинетке катталып, китепкана, окуу залдарда электрондук тейлөө жүрүп жатат.

Фото галерея