Жаштардын туура кесип тандоосу мамлекеттин келечегине таасир берет

Башкы Жаңылыктар

Жаштардын туура кесип тандоосу мамлекеттин келечегине таасир берет

Image

Бүгүн, 25-майда Бишкектеги Эмен паркында адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу, колледж, лицейлердин өкүлдөрү жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кесипти туура тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алдыда айрым кесиптер актуалдуулугун жоготуп, миллиондогон адамдар жумушсуз калып калуусу мүмкүн экенин айтты. Андыктан бүгүнкү саамалык кесип тандоо алдында турган мектеп окуучулары үчүн мыкты аянтча болуп берерин билдирди.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев фестивалга келген катышуучулар менен баарлашып, бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин берүү менен максаттарына жетүүдө ийгиликтерди каалады.
Иш-чарада өлкө жумушчу кесиптерге муктаж болуп турганы айтылып, 9-класстын базасында кабыл алынгандардын окуу мөөнөтүн үч жылдан эки жылга кыскартуу жана окуу программасында кесиптик даярдоого көбүрөөк убакыт бөлүү керектиги белгиленди.
Билим берүү жана илим министри Расул Абазбек уулу Бишкекте валидация жана сертификация борборлорун уюштуруу сунушталып жатканын билдирди.
Фестивалда колледждер, кесиптик лицейлер жарнак чатырларын өздөрү өндүргөн буюмдар, тиричилик шаймандары, окуу жайлардын сүрөттөрү менен жасалгалап, абитуриенттерге багыттары жана адистиктеринин артыкчылыктары тууралуу жеринде маалымат беришти.
Мындан сырткары, катышуучулар арасында ар түрдүү интерактивдүү оюндар ойнотулуп, кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймагынан 12 колледж жана 19 лицей катышты.                                                                      Маалымат жана сүрөттөр  Билим берүү жана илим министрлиги  расмий баракчасынан алынды.

Фото галерея