Азия чемпионатында ОшМУнун 2 студенти коло медалга татыды

Башкы Жаңылыктар

Азия чемпионатында ОшМУнун 2 студенти коло медалга татыды

Image

Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында ОшМУнун Медицина факультетинин 2-курсунун студенти Динара Камчыбекова жана Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин магистранты Мыктыбек кызы Нурзада  коло медалга ээ болушту.

Дзюдо  боюнча спорттун чебери Динара Камчыбекова   күрөштүн классикалык түрү  боюнча  70 кг салмакта, Нурзада Мыктыбек кызы эркин күрөш боюнча  70 кг салмакта мелдешти.

Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон спортчулар "Алыш күрөшү боюнча спорттун чебери" болушту. Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондору буга чейин Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө өткөн Азия биринчилигине катышкан.

ОшМУнун жалпы жамаатынын, студенттеринин атынан ийгилик жараткан спортчуларыбызды куттуктап, окууларына, спортто ийгиликтерди каалайбыз!

Фото галерея