Эми сабактар Гимнди ырдоо менен башталат

Башкы Жаңылыктар

Эми сабактар Гимнди ырдоо менен башталат

Image

Мындан ары мектептерде Кыргыз Республикасынын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө ырдалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өтүп жаткан көчмө жыйында билдирди.

Бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт. Министрдин демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты.

24-майда Билим берүү жана илим министрлиги министрликтердин ичинен алгачкылардан болуп Баткенде көчмө жыйын өткөрдү.

Маалымат жана сүрөттөр  Билим берүү жана илим министрлиги  расмий баракчасынан алынды.