Петерозаводск мамлекеттик университети студенттер менен магистранттарды кабыл алууну баштады

Башкы Жаңылыктар

Петерозаводск мамлекеттик университети студенттер менен магистранттарды кабыл алууну баштады

Image

Аталган университетте төмөнкү институттар бар:

1. Биология, экология жана агротехнология институту

2. Чет тилдер институту

3. Тарых, саясий жана коомдук илимдер институту

4. Токой, тоо-кен жана курулуш илимдер институту

5. Математика жана маалыматтык технологиялар институту

6. Педагогика жана психология институту

7. Дене тарбия, спорт жана туризм институту

8. Филология институту

9. Экономика жана укук институту

10. Медициналык институт

11. Физика-техникалык институт.

Катталуу жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 30-июнуна чейин жүрөт. Берилген орундардын саны – 10.

 2-3-4-курстун студенттери жана 1-курстун магистранттары катыша алат. Окуу акысыз, жатакананы студент өзү төлөйт (500 рублдун тегерегинде болот). Калган чыгымдар студенттердин өздөрүнөн.  ПетрМУ боюнча толугураак маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча алсаңыздар болот: https://petrsu.ru/structure/2747/sektor-obmennyh-programm  

 

Биздин дарек: Мурунку Кыргыз-европа факультети, 203-кабинет. Болжол: башкы корпус. Байланыш үчүн телефондор: 03222 7-09-97. Электрондук дарек: oshsu.oms@gmail.com.