ОшМУнун делегациясы «XXI кылымдын кадрлары» форумуна катышууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун делегациясы «XXI кылымдын кадрлары» форумуна катышууда

Image

ОшМУ менен Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат. Форум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган.

Ага ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, Кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров баштаган делегация катышууда. Делегациянын курамында 32 студент бар.

Форумдун алкагында студенттер “Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына, спорттук жана маданий иш-чараларга катышат.

Кыргыз мамлекеттик университетинде өтүп жаткан конференцияга окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын активист студенттери, студенттик уюмдардын, студенттик клубдардын лидерлери чакырылган.

Фото галерея