Европа Биримдиги билим берүү тармагын колдоого 32 млн евро бөлөт.

Башкы Жаңылыктар

Европа Биримдиги билим берүү тармагын колдоого 32 млн евро бөлөт.

Image

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Программанын 3-фазасы гендердик теңчиликти, инклюзивдик жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү улантууга, ошондой эле шаардык жана айылдык мектептерде санариптик, экологиялык көндүмдөрдү жана медиа сабаттуулук көндүмдөрүн интеграциялоого багытталган.

Жалпы суммадан 27 млн евро бюджеттик колдоо катары, ал эми 5 миллион евро техникалык жардам катары бөлүнөт. Акыркысы «твиннингди» – Кыргыз өкмөтүнө Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын колдонууга мүмкүндүк берген биргелешкен методду камтыйт.

Маалымат жана сүрөттөр https://edu.gov.kg/posts/434/  сайтынан алынды.

Фото галерея