ОшМУда эл аралык билим жарманкеси өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда эл аралык билим жарманкеси өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинде Орусия, Казакстан, Беларуссиянын  21 жогорку окуу жайы катышкан эл аралык  билим жарманкеси өтүп жатат.  

Иш-чаранын ачылуу аземине Ош шаардык мэриясынан, ОшМУдан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, жарманкеге катышып жаткан жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышышты.  

Абитуриенттер жогорку окуу жайлардын билим берүү тармагындагы техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык жана башка багыттары, билим алууга болгон шарттары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат алып жатышат.

Жарманке Орусия, Казакстан, Беларуссия жана башка өлкөлөрдөгү билим берүү тутумдарынын географиясын кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

Жарманке Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин базасында 29-мартка чейин уланат.

Фото галерея