«Кыргызтест» ОшМУ менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Башкы Жаңылыктар

«Кыргызтест» ОшМУ менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Image

Меморандумда мамлекеттик тилди өнүктүрүү,  мамлекеттик тилди системалык-деңгээлдик негизде үйрөтүп-окутуунун заманбап натыйжалуу усулдарын жана шарттарын түзүү,  деңгээлдештирилген тест тапшырмаларын түзүү. Ошондой эле тил билүү деңгээлин аныктоо тартиби,  консультация берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү, тилди деңгээлдик талаптарга ылайык окутуу, баалоо системасын  мындан ары ырааттуу улантуу каралган.
Деңгээлдеп окутууну ишке ашыруу үчүн маалыматтарды, китептерди, окуу-усулдук колдонмолорду биргелешип иштеп чыгуу, окутуучулардын билимин жогорулатып, тест жаатында мыкты адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу багытындагы иштер да камтылган. 
Кыргызтест мамлекеттик мекемеси республикадагы жарандар  кадимки жана онлайн шарттарында  тест  тапшырууга мүмкүндүк берген мекеме.

Фото галерея