АКШдан келген 3 ыктыярчы окутуучу ОшМУда сабак берүүдө

Башкы Жаңылыктар

АКШдан келген 3 ыктыярчы окутуучу ОшМУда сабак берүүдө

Image

Окутуучу Джон Стасинопоулос  ассистенттери Абиодун Адеой жана Джулия Диксон университеттин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 1 семестр студенттер, мугалимдер менен иштешет.

Ыктыярчы окутуучулар  семинар тренингдерди,сабактарды, англис тилин  үйрөтүүчү курсттарды өтүшөт. Ошондой эле  студенттерге АКШдагы жогорку окуу жайларга тапшыруу жолдору, ал жакка барып иштөө боюнча  кеңештерин беришет.

Конок окутуучулар  менен окуу жайдын Эл аралык байланыштар департаментинин директору жолугуп, алдыда дагы кызматташуу багытында аткарыла турган иштер боюнча сүйлөшүштү. Американын университеттери менен стипендиялык келишимдерди түзүү боюнча иш алып барууга да убадалашышты.

Бүгүнкү күндө ОшМУ  33 алыскы чет өлкөлөрдөгү 267 университет менен мамилеси бар.ОшМУда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Чехия, Испания, Түркия, Польша, Россия, Украина, Индия, Пакистан, Бангладеш, Кытай, Корея, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан ж.б. өлкөлөрдөн келип түрдүү адистиктерде студенттер окуп кетишет.

Фото галерея