Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы коюлду

Башкы Жаңылыктар

Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы коюлду

Image

Ош улуттук драма театрында ОшМУнун студенттери жана театрдын кызматкерлери тарабынан даярдалган Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» драмасы коюлду.  Спектакль ОшМУнун студенттерине жана театр сүйүүчүлөрүнө акысыз тартууланды. Чыгарма бир ай мурда Бишкек шаарында өткөн Республикалык "Жаңы ысымдар" театралдык фестивалында коюлуп, 3-орунду багындырган.

Турмуш, сүйүү жана үй-бүлөдөгү өз ара мамилелердин келишпестигин чагылдырган спектакль көрүүчүлөрдү бирде жылмайтса, бирде көзүнө жаш алдырды.

Спектаклде ОшМУнун Киноакадемиясынын режиссура адистигинин 3-курсунун студенти Сезим Эшимбек кызы башкы каарман Гүлсүндүн образын ачып берди. Ал эми окуу жайдын журналистика адистигинин 4-курсунун студенти Айганыш Туратбек кызы чыгармадагы эненин жана соттун ролун аткарса, театрдын солисти Жамалидин Жолдошов башкы каарман Эркиндин образын жаратты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков спектаклде образ жараткандарга Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти Ж.О.Кулманбетов тарабынан ыйгарылган “Жаш кыял” ресубликалык сыйлыгынын  лауреаттык дипломдорун тапшырды.

Спектаклдин режиссеру КР эмгек сиңирген артисти, ОшМУнун студенти Солтобай Кулбаевге, Киноакадемиянын жетекчиси Кутман Шаршен уулуна жана каармандардын образын жараткан актерлорго ыраазычылык баракчалары, университеттин кесиптик бирлиги тарабынан  сертификаттар берилди.

Спекталь республикалык “Эргүү” фестивалына катышуу алдында турат.

Фото галерея