Өзбекстандык лектор ОшМУнун студенттерине конок лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандык лектор ОшМУнун студенттерине конок лекция окуду

Image

Самарканд ветеринардык медицина институтунун ички жугушсуз оорулар кафедрасынын башчысы ветеринария илимдеринин кандидаты Нуриддин Рузикулов университеттин  табият таануу жана география факультетинин ветеринария багытында окуган студенттерине  «Жаныбарлардын ички жугушсуз оорулары» дисциплинасы боюнча 5 күндүк конок лекция окуду.

Конок лектор эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы  Абдувалиев менен жоулугуп, мында  университеттин тышкы байланышы, жетишкен ийгиликтери жөнүндө маалыматтар берилди.

Самарканд ветеринардык медицина институту ОшМУ менен эки тараптуу келишимге 2020-жылдын 28-январында кол койгон. Бул аралыкта  кызматташуу багытында бир топ жумуштар аткарылып келе жатат.

Буга чейин айыл чарба кафедрасынын башчысы Рахима Муратова,профессор Абдыганы Абдирасулов жана студенттер иш сапар менен аталган институтка барып, мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып келген. Жайкы семестрде студенттерди академиялык мобилдүүлүк боюнча жиберүү пландалууда.

Фото галерея