«Fashionweek-21 Kyrgyzstan» мода жумалыгында ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

«Fashionweek-21 Kyrgyzstan» мода жумалыгында ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

Image

Бишкек шаарында «Fasionweek-21 Kyrgyzstan» мода жумалыгынын алкагында “Next Fasion дизайн” сынагы болуп өттү. Бул сынакта ОшМУнун искусство факультетинин студенттери эмгектери менен катышып, 1-орунду ээлешти.

Искусство факультетинин дизайн багытында билим алып жаткан 4-курстун студенттери  Токтосун кызы Нуркыз “Трикотажный бум”, Туралы кызы Нурзат “Заманбап этника”, Усенбай кызы Орозайым “Авангард” номинациялары боюнча 1-орунду ээледи. Жетекчиси дизайн кафедрасынын окутуучусу Абдижапар кызы Адина.

Ал эми  “Заманбап этника” номинациясы боюнча 3-курстун студенти Махаматова Нуриза да 1-орунду камсыздады. Жетекчиси Дизайн кафедрасынын улук окутуучусу Төрөгельдиева Кимия.

Иш-чара  Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу максатында уюштурулду.

Искусство жаатында ийгиликтерди жараткан студенттерибизди жана жетекчилерин жеңиши менен куттуктап, окууларында жана иштеринде чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Фото галерея