«Манас» эпосун жаш муунга таанытуу боюнча долбоор көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

«Манас» эпосун жаш муунга таанытуу боюнча долбоор көрсөтүлдү

Image

«Манас» эпосун заманбап технологиялар аркылуу жайылтуу, аны жаш муундарга жеткирүү жана университеттер менен кызматташууну күчөтүү. Бул багытта 26-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде «Манас» улуттук академиясынын «Манас» эпосун тармактарга таанытуу» долбоору тааныштырылды.

Иш-чара 4-декабрь – «Манас» эпосунун күнүнө карата уюштурулду. Ага мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, профессордук-окутуучулар курам, студенттер, академиянны өкүлдөрү катышты. 

Жолугушууда «Манас» улуттук академиясынын ишмердиги, эпостун изилденүү тарыхы жана аны коомчулукка кеңири жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Академиянын вице-президенти Кыргыйбек Молдожунусов эпосту изилдөө, эл арасында кеңири жайылтуу багытындагы иштерге токтолду. Анын айтымында, учурда аймактардагы манасчылардын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүктөрү изилденип жатат. Ошондой эле ал ОшМУнун өкүлү, филология илимдеринин доктору Гулина Жамгырчиева академиянын кеңешинин курамында экенин белгилеп, университет менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.

Мастура Шарипова университет манастаанууну өнүктүрүүгө жана эпостун жаңы технологиялар аркылуу жаш муундарга жеткирүүгө багытталган иштерге катышууга даяр экенин билдирди.

««Манас» эпосун изилдөө, аны билим берүү процессине кеңири киргизүү жана заманбап технологиялар аркылуу жайылтуу багытында биргелешип иштөөгө даярбыз».

Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» улуттук академиясы ОшМУга манастаанууга, кыргыз элинин руханий мурастарына арналган китептерди белекке тапшырды. Алардын арасында «Жоомарт жолу – Манас», «Кошой Закым», «Манас бүтүндөй бир руханий аалам», «Манас эпосундагы сан-өлчөм түшүнүктөр» жана башка эмгектер бар. Иш-чаранын экинчи бөлүгү кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уланды. Анда «Манас жана уңгужол – улуттук баалуулуктардын булагы» деген темада жолугушуу өттү. Катышуучулар манастаануу багытындагы илимий изилдөөлөр, «Манас» эпосунун улуттук баалуулуктарды сактоодогу орду жана аны жаш муундарга жеткирүү жолдору тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары катышуучуларга «Манас ааламы» жана «Көктүн уулу» аттуу санариптик иммерсивдик музейлер тааныштырылды. Ошондой эле академия тарабынан жарык көргөн китептердин презентациясы уюштурулуп, «Чокан Валиханов – тарыхтын жарык жылдызы» аттуу даректүү тасмадан үзүндү көрсөтүлдү.

Долбоор 2022-жылдын 22-апрелиндеги жарлыктардын алкагында ишке ашырылып, «Манас» эпосунун маданий жана руханий маанисин кеңири таанытууга, улуттук мурасты сактоого жана кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган.

Фото галерея