ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун графиги бекитилди

Image

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (ИЖБИМ) тарабынан 2026–2027-окуу жылына карата жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу турларын өткөрүү графиги бекитилди. Кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча келишимдик негизде, окуу акысы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундарга университеттин өз чечими менен жүргүзүлөт. Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу «Абитуриент онлайн» порталы аркылуу ишке ашырылат: https://2020.edu.gov.kg/vuz.

Кышкы кабыл алуунун алкагында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча тандоонун жана кабыл алуунун төрт туру өткөрүлөт:

- 14–19-декабрь – биринчи тур;

- 21–26-декабрь – экинчи тур;

- 11–16-январь – үчүнчү тур;

- 18–23-январь – төртүнчү тур.

2027-жылдын 25–27-январында бош орундар болгон учурда рейтингдик тизмеде кийинки орунда турган абитуриенттер окууга кабыл алынууга сунушталат.

Конкурска Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 1-июлундагы № 415 «Босого баллдарды бекитүү жөнүндө» буйругу менен белгиленген босого баллга барабар же андан жогору упай алган абитуриенттер катыша алышат.

Босого баллдар төмөнкүдөй белгиленген:

1)Окуу акысы келишимдик негизде төлөнүүчү бардык окуу формалары үчүн, төмөндө көрсөтүлгөн багыттардан жана адистиктерден тышкары, негизги тест боюнча – 110 балл;

2)Педагогикалык билим берүү багыттары жана адистиктери боюнча окуу акысы келишимдик негизде төлөнүүчү бардык окуу формалары үчүн негизги тест боюнча – 115 балл;

3)Айыл чарба багыттары жана адистиктери боюнча окуу акысы келишимдик негизде төлөнүүчү бардык окуу формалары үчүн негизги тест боюнча – 100 балл;

4)I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, ата-энесинин экөө тең каза болгон балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) окуу акысы келишимдик негизде төлөнүүчү бардык окуу формалары үчүн негизги тест боюнча – 90 балл.

2026–2027-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кышкы кабыл алуу 2026-жылдын 20-декабрынан 2027-жылдын 20-мартына чейин жүргүзүлөт.