ОшМУ Түштүк Кореянын Канвон улуттук университети менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Түштүк Кореянын Канвон улуттук университети менен кызматташат

Image

ОшМУ менен Түштүк Кореянын Канвон улуттук университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишим ОшМУнун окутуучуларынын 10–16-ноябрь күндөрү Түштүк Кореяга жасаган иш сапарынын алкагында түзүлдү. Делегациянын курамында доценттер Калыбек Самиев, Ибраим Полотов, Шайлообек Парайдин уулу жана Рахматилло Байбабаев болушту. Алар Канвон улуттук университетинде өткөн жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык өнөктөштүккө арналган Glokal III Partnership конференциясына катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 16 мамлекетинен 60тан ашуун өкүл чогулду. Катышуучулар жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык байланыштарды чыңдоо, университеттер ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Түзүлгөн келишим эки университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого, билим берүү жана илимий изилдөө багыттарында тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.

Маалымат үчүн: Канвон улуттук университети  Түштүк Кореядагы мамлекеттик жогорку окуу жайлардын бири. 1947-жылы негизделген университет QS World University Rankings, Times Higher Education жана ShanghaiRanking сыяктуу эл аралык рейтингдерде көрсөтүлгөн. Окуу жай илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барат.

 

Фото галерея