QS 2027: ОшМУ туруктуу өнүгүү боюнча Кыргызстандын ЖОЖдору арасында биринчи орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

QS 2027: ОшМУ туруктуу өнүгүү боюнча Кыргызстандын ЖОЖдору арасында биринчи орунду ээледи

Image

QS эл аралык рейтинг агенттиги QS Sustainability 2027 рейтингинин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Ош мамлекеттик университети туруктуу өнүгүү көрсөткүчү боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында 1-орунду ээледи.

Туруктуулук боюнча дүйнөлүк рейтингге 2004 университет катышкан. ОшМУ жалпы 38,8 упай топтоду. Анын ичинде экологияны коргоо боюнча 36,2, коомго жана адамдардын жашоосуна тийгизген оң таасири боюнча 38,1, ал эми сапаттуу башкаруу багыты боюнча 58,9 упай алды. Университет дүйнөлүк рейтингде 1501+ баскычында, Азия университеттеринин арасында 584-орунда жайгашты.

QS Sustainability рейтинги жогорку окуу жайлардын туруктуу өнүгүүгө кошкон салымын үч негизги багыт – экологиялык таасир, социалдык таасир жана сапаттуу башкаруу аркылуу баалайт. Экологиялык багытта жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык жоопкерчиликке көңүл бурулат. Социалдык багытта билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү, тең мүмкүнчүлүктөр, инклюзивдүү чөйрө жана коомго кошкон салым эске алынат. Ал эми башкаруу багытында университеттин ачык-айкын иш алып баруусу, башкаруу сапаты жана жоопкерчилиги бааланат.

Бул жыйынтык Ош мамлекеттик университетинде экологияны коргоо, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана натыйжалуу башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин эл аралык деңгээлде бааланганын көрсөтөт.

Университет туруктуу өнүгүү принциптерин окуу процессине, илимий изилдөөлөргө, башкарууга жана коом менен кызматташууга киргизүүгө басым жасап келет. Анын ичинде экологиялык маданиятты калыптандыруу, студенттер үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү,  коомдун өнүгүшүнө салым кошуу багытындагы иштер бар.

Ош мамлекеттик университети үчүн туруктуу өнүгүү рейтингдеги орун менен гана чектелбейт. Бул университеттин узак мөөнөттүү өнүгүү багыттарынын бири. Аталган багыттагы иштер окуу жайдын эл аралык байланыштарын чыңдоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө жана Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын таанытууга багытталган.

Фото галерея