ОшМУда кант диабетин алдын алуу боюнча акция өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кант диабетин алдын алуу боюнча акция өттү

Image

Бүгүн, 12-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнүнө карата акция уюштурулду.

Акциянын алкагында Медициналык коллеждин терапиялык дисциплиналар боюнча ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери университеттин кызматкерлеринин, студенттердин, келген жарандардын канындагы канттын деңгээлин акысыз өлчөп беришти. Ошондой эле катышуучулардын салмагы текшерилип, ашыкча салмактуулугу барларга туура тамактануу боюнча кеңештер берилди.

Мындан тышкары катышуучуларга кант диабетинин пайда болуу себептери, анын алдын алуу жолдору, туура тамактануу жана сергек жашоо образынын мааниси тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө ооруну эрте аныктоо үчүн ден соолукту үзгүлтүксүз текшертип туруу зарылдыгы белгиленди.

Иш-чаранын негизги максаты кант диабетинин алдын алуу, калктын бул оору тууралуу маалыматын жогорулатып, ден соолукка кам көрүүгө үндөө болду.

 

Фото галерея