ОшМУнун өкүлдөрү чоңдорго билим берүү конференциясына катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун өкүлдөрү чоңдорго билим берүү конференциясына катышты

Image

Бишкекте И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Чоңдорго билим берүүдөгү заманбап тренддер: санариптик технологиялар, инклюзия жана туруктуу өнүгүү» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. 

Талкуунун жүрүшүндө санариптик технологияларды билим берүүдө колдонуу, үзгүлтүксүз билим берүү, экологиялык сабаттуулук, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу аракеттер жана чоңдорго билим берүүнүн жаңы моделдери козголду.

ОшМУнун атынан конференцияга коомчулук жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева, окумуштуу катчы Жамилия Асанбекова, Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Ташболот Жороев, филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы Бактыгүл Байтикова катышты.

Иш-чара Кыргызстанда чоңдорду окутуунун VI декадасынын алкагында өттү. Аны Кыргыз мамлекеттик университети, «Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору» коомдук фонду, Кыргызстандагы DVV International өкүлчүлүгү уюштурду.

Фото галерея