Ош мамлекеттик университети мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышына жана кыргыз тилин жайылтууга кошкон салымы үчүн 50 миң сом сыйлыкка татыды.
Сыйлык 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Ош мэриясы тарабынан уюштурулган иш-чарада тапшырылды. Сыйлыкты мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова кабыл алды.
Мындан тышкары окуу жайдын Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу Жанболот Калбаев «Мамлекеттик тилдин санарип дүйнөсүндөгү орду» аттуу сынакта Ош шаары боюнча 1-орунду ээлеп, 30 миң сомго ээ болду.
Бул жетишкендиктер университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы катары белгиленди.