Ош мамлекеттик университетинде «Санарип доорундагы англис тили: тилдик маалыматтар, жасалма интеллект жана котормонун келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өтүп жатат.
17–19-сентябрь күндөрү өтүп жаткан иш-чарага Кыргызстандын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын, илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, чет өлкөлүк адистер, окутуучулар, изилдөөчүлөр, котормочулар жана студенттер катышууда.
Иш-чара гибриддик форматта уюштурулуп, анда англис тилин санариптик окутуу, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, санариптик котормо, маданияттар аралык байланыш сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланууда. Ошондой эле жасалма интеллекттин тил үйрөтүүдө жана котормодо колдонулушу, котормочуларга коюлган жаңы талаптар, бул тармактагы заманбап технологиялар тууралуу пикирлер айтылууда.
Конференциянын алкагында пленардык, секциялык отурумдар, долбоорлордун презентациялары, «Жасалма интеллект тил мугалимдерин жана котормочуларды алмаштырабы?» деген темада панелдик талкуу өткөрүлөт. Мындан тышкары биргелешкен илимий долбоорлорду жана макалаларды даярдоо, эл аралык долбоорлорго катышуу, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, AI технологияларынын негизинде окуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча сунуштар талкууланат.
Эл аралык котормочулар күнүнө карата уюштурулуп жаткан конференцияны чет тилдер факультетинин Америка таануу жана котормо кафедрасы өткөрүүдө.