Чыгыш таануу институтунун «Корей тили жана маданияты» борборунун жетекчиси, чыгыш таануу кафедрасынын окутуучусу Кымбат Камаева Кореяда академиялык мобилдүүлүк программасы менен билим алып жаткан студенттер, магистранттар менен жолугушуп, алардын окуусу, жашоо шарттары менен таанышты.
Иш сапары 20-августан 8-сентябрга чейин уланды. Камаева Ханбат улуттук университети, Моквон, Конкук, Пей Чей, Чунг Чейон, Ансан университеттери жана башка жогорку окуу жайларда болду.
Мындан тышкары ал Ханбат улуттук университетинде корей тили боюнча эки жумалык квалификацияны жогорулатуу курсунан өттү. Курста корей тилин окутуунун заманбап ыкмалары менен таанышып, педагогикалык тажрыйбасын өркүндөттү. Ошондой эле Кореянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Маалымат үчүн: учурда ОшМУнун Кореянын 20дан ашык жогорку окуу жайы менен кызматташуу келишими бар. Анын негизинде 20дан ашык студент жана магистрант ал жакта билим алып, тажрыйба топтоп жатышат.