ДКО: ОшМУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга катышууда

Башкы Жаңылыктар

ДКО: ОшМУнун окумуштуулары эл аралык конференцияга катышууда

Image

3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмалары жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эксперттер катышууда. Алардын арасында Орусия, Кытай, Жапония, Франция, Түркия, Азербайжан, Индия, Сауд Аравиясы, Швеция, Словения, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар. 

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган окумуштуулар да катышып жатат. Окуу жайдын Чыгыш таануу институтунун «Чыгыш кол жазмалары жана мурастары» фондунун жетекчиси Байболот Абытов «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн элдердин жана цивилизациялардын олимпиадасы» аттуу баяндама жасайт. Ал көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурастары, алардын дүйнөлүк цивилизациядагы орду, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мааниси тууралуу айтып берет. 

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда көчмөн цивилизациясынын тарыхы, маданий мурастары, өнүгүү перспективалары талкууланууда. Ошондой эле иш-чара ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Конференция Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө.

Иш-чарада көчмөн цивилизациясынын тарыхы, мурасы, азыркы илимий түшүнүктөрү жана келечектеги изилдөө багыттары талкууланууда.




 

Фото галерея