ОшМУнун окумуштуулары Кемпир-Абадда изилдөө жүргүзүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Кемпир-Абадда изилдөө жүргүзүштү

Image

Колдонмо геодезия адистигинин окумуштуулары жана окутуучулары Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин окумуштуулары менен биргеликте Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын аймагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Изилдөө иштери 21–25-август күндөрү ОшМУнун ички грантынын алкагындагы «Заманбап геодезиялык аппараттарды колдонуу менен жасалма мөңгүлөрдү куруу» аттуу илимий долбоордун негизинде өткөрүлдү. Ага ОшМУнун доценти Динара Абжапарова, окутуучулар Жумашбек Токтосунов, Самат Боронов, студент Бекзат Абдиканат уулу, Өзбекстан улуттук университетинин профессору Эркин Мирмахмудов жана аспирант Бекзод Тошонов катышты.

Изилдөөнүн негизги максаты суу сактагычтын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген 1-класстагы геодезиялык триангуляциялык таяныч тармагын түзүүгө керектүү маалыматтарды топтоо болууда. Бул тармак келечекте жогорку тактыктагы геодезиялык өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жана жер кыртышындагы өзгөрүүлөрдү байкоого негиз түзөт.

Талаа иштеринин жүрүшүндө адистер заманбап геодезиялык жабдууларды колдонуп, геодезиялык пункттардын жайгашуусун аныктап, өлчөөлөрдү жүргүзүштү жана алынган маалыматтардын тактыгын баалашты. Долбоордун алкагында алынган так геодезиялык маалыматтар жасалма мөңгүлөрдү курууга ылайыктуу аймактарды аныктоодо, алардын көлөмүн, формасын эсептөөдө жана кийинки мониторинг иштеринде колдонулат.

Изилдөөгө ОшМУнун студентинин катышуусу ага заманбап геодезиялык жабдуулар менен иштөө, талаа шартында маалымат топтоо боюнча практикалык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстандык жана өзбекстандык окумуштуулардын биргелешкен изилдөөсү эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана геодезия тармагында тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт. Алынган маалыматтар долбоордун кийинки этабында талданып, жасалма мөңгүлөрдү куруу, алардын абалын көзөмөлдөө боюнча сунуштар иштелип чыгат.

 

Фото галерея