ОшМУ абитуриенттер эң көп тандаган үч ЖОЖдун катарына кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ абитуриенттер эң көп тандаган үч ЖОЖдун катарына кирди

Image

Кыргызстанда жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга жайкы кабыл алуу өнөктүгүнүн беш туру жыйынтыкталды. Илим министрлигинин маалыматы боюнча, абитуриенттерден жалпы 78 миң 400 электрондук талон түшкөн. 

Анын ичинен 26 миң 600ү бюджеттик,  51 миң 800 талон контракттык орундарга берилген.

«Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасынын 12-августка карата маалыматына ылайык, жогорку окуу жайлар 51 миң абитуриентти окууга кабыл алууга сунуштаган. Алардын ичинен болжол менен 38 миң абитуриент (74%) өзү тандаган адистикте окууга макулдугун ырастаган. Ошол эле учурда 3 800 абитуриент өз чечимин кайра чакыртып алган.

Электрондук талондордун саны боюнча алдыңкы бештикке төмөнкү окуу жайлар кирди:

  1. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 13 миң 423 талон;
  2. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 11 миң 645 талон;
  3. Ош мамлекеттик университети – 8 319 талон;
  4. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 6 167 талон;
  5. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 5 940 талон.

Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен өткөрүлдү. Акыркы, бешинчи турда электрондук талондорду каттоо 12-августта аяктады. 

Маалымат булагы: 24.kg