Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – билим, илим жана инновация айкалышкан заманбап билим берүү борбору.
Бүгүнкү күндө институт Ош мамлекеттик университетинин эң көп тармактуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түзүмдөрүнүн бири катары жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет.
Институтта студенттер заман талабына жооп берген окуу программалары, тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы жана заманбап материалдык-техникалык база менен камсыз болушат. Окуу процессинде теориялык билим практикалык көндүмдөр менен айкалышып, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Абитуриенттер үчүн төмөнкү багыттар боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү сунушталат:
Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту – келечектеги ийгиликтүү карьерага карай ишенимдүү кадам. Эгер сиз табият сырларын изилдөөгө, туризм тармагын өнүктүрүүгө, айыл чарба технологияларын өздөштүрүүгө же спорт жаатында кесипкөй адис болууга кызыксаңыз, анда туура тандоо – Ош мамлекеттик университети!
ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:
Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni
Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg
Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85
Сайт: www.oshsu.kg
Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,
Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана