Президентт Садыр Жапаровдун «Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2026–2027-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларда чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутууга 75 квота бөлүндү.
Конкурска Тажикстан,Өзбекстан,Кытай,Түркия,Казакстан,Пакистан, Ооганстан жана Араб Эмиратынын аймагында жашаган этникалык кыргыздар катыша алышат.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg онлайн системасындагы «2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу» бөлүмү аркылуу каттоодон өтүп, төмөндө көрсөтүлгөн документтерди жүктөп, бардык талааларды 2026-жылдын 1-августу саат 23:59га чейин толтурушу зарыл.
Талап кылынуучу документтер:
1.Паспорттун же (паспорт жок болгон учурда) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кыргыз же орус тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2.Билими тууралуу документтин (аттестаттын же дипломдун) тиркемеси менен кошо кыргыз же орус тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3.Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;
4.Академиялык жетишкендиктерди тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор жана башка документтер (бар болсо);
5.№086-У формасындагы медициналык маалымкат;
6.ВИЧ/СПИД илдетинин жоктугу жөнүндө маалымкат.
Көңүл буруңуз! Документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө четке кагылат.
Техникалык текшерүү:
Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин (2026-жылдын 1-августу саат 23:59дан кийин) бардык келип түшкөн арыздар Тандоо комиссиясы тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуулугу жана зарыл документтердин толуктугу боюнча текшерилет.
Онлайн системага өз убагында катталып, бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлер гана тандоо сынактарына катышууга укук алышат.
Конкурстук тандоо:
Конкурстук тандоо компьютердик же бланктык тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
Тестирлөө 2026-жылдын 11, 12 жана 13-август күндөрү өткөрүлөт. Белгиленген убакытта келбеген талапкерлер үчүн кайра тестирлөө уюштурулбайт.
Онлайн системада (student.edu.gov.kg) ийгиликтүү катталган талапкерлерге тестирлөөнүн күнү, убактысы жана өтүүчү жери тууралуу маалымат жеке кабинети аркылуу жөнөтүлөт.
Конкурстук программа боюнча кошумча маалыматтарды иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот:
+996 (312) 68-04-71
+996 (551) 44-80-11
Ошондой эле программа боюнча суроолорду төмөнкү электрондук даректерге жөнөтсөңүздөр болот: