Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Армениянын Ереван шаарындагы «Айбусак» университетинин базасында өкүлчүлүгүн ачты. Мындай чечимди окуу жайдын окумуштуулар кеңеши 29-июнда кабыл алды.
Жаңы өкүлчүлүк армян жарандарына ОшМУнун ординатурасына, кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшырууга жана окуусуна жардам берет. Ошондой эле студенттерге алмашуу, аралыктан окутууну уюштуруу, клиникалык базалар, медициналык уюмдар менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Өкүлчүлүктүн негизги максаты эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана академиялык байланыштарды чыңдоо болууда.
Азыркы учурда «Айбусак» университетинин медицина факультетин бүтүргөн 20га чукул бүтүрүүчү ОшМУнун Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунда ординатурада окуп жатат. Алар стоматология, хирургиялык стоматология, дерматовенерология, нур диагностикасы багыттарын тандашкан.
Эки окуу жай 2025-жылы кызматташуу меморандумуна кол коюшкан. Анын алкагында 2026-жылдын январында ОшМУнун өкүлдөрү Арменияга барып, келишим боюнча окуган 20 ординатордун клиникалык базалардагы практикасын кабыл алышкан.