ОшМУда Кытайдын электромобиль чыгаруучу компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Кытайдын электромобиль чыгаруучу компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Image

Бүгүн, 18-июнда Кытайдын электромобиль чыгаруучу компанияларынын  өкүлдөрү

университеттин кызматкерлерине заманбап электр унаалары, аларды ыңгайлуу шарттарда  сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда кызматкерлер үчүн узак мөөнөткө бөлүп төлөө  шарттары сунушталды. Мында РСК Банк тарабынан жылдык 16 пайыздык, ал эми Айыл Банк тарабынан ОшМУнун кызматкерлери үчүн жылдык 16 пайыздык чен менен каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ChanganAutomobile, GAC Aion жана BYD компанияларынын өндүрүш ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ошондой эле заводдордун өндүрүш процесстери, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү  жана дүйнөлүк рыноктогу орду боюнча презентация орун алды.

Жолугушуу ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан  демилгеленди. 

 

Фото галерея