ОшМУ «Жалындуу жаштар» долбоорунун баш байгесин жеңип алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ «Жалындуу жаштар» долбоорунун баш байгесин жеңип алды

Image

Ош мамлекеттик университети Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлгөн «Жалындуу жаштар» долбоорунун жеңүүчүсү болду.

Ош мамлекеттик университетинин студенттери бардык багыттарда ийгиликтүү катышып, эң жогорку упай топтоо менен жалпы командалык эсепте биринчи орунду камсыздашты. 

Долбоордун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 10-июнда өтүп, анда Ош мамлекеттик университетине 50 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Сынак спорттук оюндар, улуттук оюндар, акыл таймашы жана поэзия багыттары боюнча уюштурулуп, ага шаардагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери  катышышты. 

Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар саясаты башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, жаштардын интеллектуалдык, чыгармачылык жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. 

 

Фото галерея