ОшМУда судьялар студенттер менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда судьялар студенттер менен жолугушту

Image

31-мартта Тарых-юридика институтунда Ош облустук сотунун судьялары менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, төраганын орун басары Нурлан Абдразаков, Ош шаардык сотунун судьясы Алтынай Асаналиева, институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Жолугушууда Эрлан Асанов жаштар арасындагы кылмыштуулук, үй-бүлөлүк зомбулук жана киберкылмыштуулук бүгүнкү күндүн эң орчундуу көйгөйлөрүнүн бири экенин белгиледи. Ал бул көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү, жаштарды туура багытта тарбиялоо, коомдук колдоону жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Нурлан Абдразаков өз сөзүндө жаштардын мыйзамды сыйлаган, жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанышы мамлекет үчүн маанилүү багыт экенин айтты. Ал акыркы мезгилде жаштар арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү кооптонууну жаратып жатканын белгиледи. Ал мунун себептеринин катарына үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, ата-эненин көзөмөлүнүн аздыгы, социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздук жана жакырчылык сыяктуу факторлорду кошту. Ошондой эле интернет, социалдык тармактардын таасири да олуттуу роль ойной турганын айтты.

Алтынай Асаналиева үй-бүлө коомдун негизи экенин белгилеп, үй-бүлөлүк зомбулук бүгүнкү күндө олуттуу көйгөй болуп жатканын айтты. Ал мындай көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу айтып, алдын алуу иштерин күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушуунун соңунда студенттер судьяларга кызыктырган суроолорун берип, юридикалык кесипти тандоо, практика өтүү жана келечекте сот тармагында иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.



 

Фото галерея