Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Борбордук Азияны изилдеген археозоологиялык «ZooStan» борборунун филиалын ачуу маселеси каралууда. Бул боюнча 31-мартта ректор Кудайберди Кожобеков атайын делегацияны кабыл алды.
Жолугушууга Казакстандагы археозоологиялык борбордун директору Уильям Рендю, илимий кызматкер Светлана Шнайдер, ошондой эле «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин өкүлдөрү жана ОшМУнун кызматкерлери катышты. Тараптар Фергана өрөөнү жана Памир-Алай аймагында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары чоң илимий потенциалга ээ экенин белгилешти. Ошондой эле учурда аймакта атайын лабораториялык шарттардын жетишсиздиги изилдөөлөрдү терең жүргүзүүгө тоскоол болуп жаткандыгы айтылды.
Буга байланыштуу окуу жайдын базасында «ZooStan» археозоологиялык борборунун филиалын ачуу сунушу көтөрүлдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары, материалдык-техникалык база, кадрдык камсыздоо жана билим берүү программалары менен байланыштыруу талкууланды. Мындан тышкары жаңы борбор магистрдик жана докторлук программалардын илимий базасын чыңдап, студенттердин изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрү айтылды. Сапардын алкагында коноктор университет менен таанышып, студенттер үчүн конок лекцияларды өткөрүшөт.