«Жандуу классика – 2026» кароо сынагы өттү

Башкы Жаңылыктар

 «Жандуу классика – 2026» кароо сынагы өттү

Image

Окуу жайдын Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда мектеп окуучулары арасында  «Жандуу классика – 2026» сынагынын жыйынтыктоочу баскычы өттү.

Сынак 27-мартта өтүп, катышуучулар орус тилиндеги прозалык чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын аткаруусун институттун окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу баалады. Баалоодо көркөм окуу деңгээли, аткаруучулук чеберчилик жана образды ачып берүү жөндөмү эске алынды.

Жыйынгында жеңүүчүлөргө громаталар тапшырылды. Ошондой эле мыкты окурмандар «эмоционалдык таасирдүүлүк», «техникалык чеберчилик», «классиканы мыкты аткаруу» сыяктуу атайын номинациялар боюнча сыйланышты.

Уюштуруучулардын билдиришинче, бул иш-чара университет менен мектептин кызматташтыгын чыңдоого, окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга жана таланттуу жаштарды колдоого багытталган маанилүү аянтча болуп саналат. 

Сынак аталган институттун Дүйнөлүк адабият кафедрасынын окутуучулары жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» эл аралык гуманитардык долбоорунун алкагында иш алып барган орус мугалимдеринин демилгеси менен уюштурулду.

 

Фото галерея