Окутуучулар Бухарадагы эл аралык конгресске катышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Бухарадагы эл аралык конгресске катышты

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Абдурашит Низамиев баштаган экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын жана STEM инновациялык коллежинин окутуучулары түрк дүйнөсүнүн географтарынын III эл аралык конгрессине катышып келишти.

Анда Абдурашит Низамиев менен Замира Низамиева «Сулайман-Тоону рекреациялык пайдалануу жана коргоо» темасында баяндама жасашты. Алар уникалдуу тарыхый жана жаратылыш объектисин туризмде туура, натыйжалуу пайдалануу маселелерине токтолушту.

Ал эми Жанарбек Султанов менен Гүлкайыр Базарбаева Кыргызстандын түштүк аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу изилдөөлөрүн сунуштады. Алар фототуризмди өнүктүрүү жана социалдык тармактар аркылуу аймактын жаратылышы менен маданий мурастарын кеңири таанытуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Конгресс 24–27-март күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында өтүп, катышуучуларга тажрыйба алмашуу, жаңы илимий идеяларды талкуулоо жана эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө аянтча түзүп берди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар маданий программаларга катышып, Бухаранын тарыхый жайларын көрүп чыгышты.





 

Фото галерея